Лоңрид: “узак окуунун” форматы

“Лоңрид” – “узак окуу” — узун окуяларды мультимедиялык ыкма менен ”терең” баяндоонун форматы.

Мындай материалдар кандай болуусу керек экени тууралуу так эрежелер жок. Бирок ийгиликтүү долбоорлордун жалпы чоо жайы, лоңридтерди жаратуунун баскычтарын сүрөттөп берүү мүмкүн.

Дал ушул тууралуу 2015 жылдын 2 апрелинде өткөн Ольга Каплинанын вебинарында биз маек курдук.

Вебинардын жалпы мазмуну:

“Лоңрид” форматы эмне себептен келип чыкты? Анткени көп, терең ойлонуп окуганды каалаган адамдар, эл журт бар.

Лоңридтерде эмне көбүрөөк болушу керек? Видео, сүрөттөр же басма сөзбү? Чындыгында, бул – жаңы багыт. Жана ошондуктан, сиздин окуяңыз кандай болооорун сиз гана акыктайсыз. Ар бир жеке мисалда.

Адатта, биринчи лоңрид катары The New York Time Snowfall мисал келтирилет, аны чет элдик медиа адистер 2012 жылдын эң мыкты веб дизайны деп таанышкан жана маалыматты берүүнүн эң мыкты форматы деп аташкан.

«Жааган кар» (Snowfall) — Вашингтондогу Каскаддуу тоолордо кар көчкүсүндө калган лыжачандар жана сноубордчулар тууралуу окуя. Окуя тексттен, сүрөттөрдөн, видеодонжана интерактивдүү графикадан турат. Алар жөн эле бир материалга бириктирилбестен, айкалышып баракчаны жандандырып турушат.

Дем берүүчү лоңридтердин мисалын табуу оңой – бүткүл дүйнө боюнча медиалар форматтардын түрлөрүн тандап, окурмадарды тартуу аракетинде ар түркүн ыкмаларды колдонуп келишет. «Узак окуу» үчүн айрым мисалдар бул жерде .

Дагы башка мыкты жана таасирдүү мисалдар бул шилтемеде .

Демек, лоңриддерди эмне жалпылайт?

11 (1)

Ийгиликтүү лоңриддин сапаттарынын бири – аудиториянын тартылышы. Ал ар түрдүү болушу мүмкүн. Профессионалдардын пикирлери. Аудиториянын комментарийлери.

Лоңриддин негизинде кандайдыр бир окуя болушу зарыл. Көңүл буруңуздар ал сөссүз эле кайгылуу эмес окуя болушу мүмкүн. Бирок, окуянын байлынышы, өнүгүүсү, жана туу чокусу болуп, ал кең журтчулукка кызыктуу болушу керек.

Сторителлиң жана окуя үчүн кандай тема туура келет?

Тарыхый окуяларга байланыштуу нерселердин баары. Күбө болгондор, материалдар, орчундуу моменттер болушу керек.

  • Форматка сапарлар туура келет, анын өнүгүшү. Адамдын өзүндөгү жана айлана чөйрөдөгү өзгөрүүлөр.
  • Теманы башка өңүттөн берүүгө, күтүүсүз тараптарынан берүүгө аракет кылуу керек.

Окурмандарыңыз, көрарамандарыңыз, угармандарыңыз окуянын аягына чейин калышы мүмкүн эгерде сиздин аңгемеңиз кызыктуу болуп алардын көңүлүн ээлесе.

Лоңриддердин форматтары, курамасындагы маанилүү нерселерден кабар алуу үчүн пайдалуу шилтемелер:

Лоңридди жасоону план түзүүдөн баштоо зарыл – кантип жана эмне тууралуу, кандай форматта, кандай кезек менен баяндаарыңызды аныктап алыңыз.

Пайдалуу кеңештер:

21 (1)

Дагы бир маанилүү нерсе. Лоңридди жаратуу – жамаатык, топтук иш. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, аны терең кылдаттык менен ойлонуштуруу, элестетүү үчүн бир нече адам керек.

 

Лоңриддерди жаратуу үчүн бир катар ресусртар (акча талап кылган жана акысыз аспабтар) — bestapp.menu/25-servisov-kotorye-pomogut-sozdat-longrid.

4Жасап, аракет кылып көрүңүздөр. Сиздердин «узун» окуяларыңыздардын мисалдарын кубаныч менен тосуп алабыз!

 

 

Тегтер:
Мурунку макала
Кийинки макала
Айзатбек Бешов

Автор тууралуу Айзатбек Бешов

Начал журналистскую деятельность на музыкальных радиостанциях, ведущим новостей, редактором в 2002 году. С 2004 года работал на Русской службе Би-Би-Си, где был корреспондентом, мультимедийным журналистом до 2013 года. С 2014 года был фрилансером для Кыргызской службы Би-Би-Си.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулуучу катарлар белгиленген *

*

 
usaid
Данный веб-сайт стал возможным благодаря помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Internews Kazakhstan несет ответственность за содержание публикации, которое не обязательно отражает позицию USAID или Правительства США.
Scroll To Top