ДомойНаши проектыВебинарВебинар на кыргызском языке "Методы работы с онлайн-платформой "Playbuzz"

Вебинар на кыргызском языке «Методы работы с онлайн-платформой «Playbuzz»

23-июнда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө «Интерактивдүү контент түзүүнүн маанилүүлүгү. «Playbuzz» онлайн-платформасында иштөө ыкмалары” деген темада вебинар өтөт.

«Playbuzz» – медиа өкүлдөрүнө тест, сурамжылоо, добуш берүү, слайдшоу, сүрөттүү тизмелер сыяктуу интерактивдик контент түзүүгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу жана жөнөкөй сервис. Мындай өңүттөгү материалдарды даярдоо эмне үчүн керек? Күнүмдүк жаңылыктарды сунуштаган интернет басылмалар азыр абдан көп. Анын үстүнө андай маалыматтар менен окурманды тартуу кыйын.

Контентти бир аз өзгөчөлөнтүп, ар кандай темада викторина же тест сунуштап көрсөңүз, ал вирус сыяктуу бат тарап, сайтка адамдарды ээрчитип келе берет.

«Playbuzz» сервисин кантип колдонобуз? Бул платформада кандай багыттагы материалдарды даярдаса болот? Биздин акысыз вебинарда ушул жана башка суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.

Вебинарды “Ынтымак” КРТРКнын маалыматтык программаларынын башкы редактору, журналист Акылбек Орозматов өтөт. Ал Алматыда өткөн онлайн-сервистерди колдонуу боюнча тренингдин катышуучусу.

Yntymak.kg «Playbuzz» жана башка ушул өңүттөгү сервистерди активдүү колдонгон Кыргызстандагы бирден -бир сайт. Бул платформада “Ынтымак” даярдаган материалдар “Мейкин Азия онлайн” жана башка басылмаларга да чыгып турат.

Акысыз вебинарга каттоону бул жерден өтүңүз.

Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
___

23 июня 2016 года в 17:00 по местному времени (Бишкек, Астана) и 16:00 (Душанбе) пройдет вебинар «Важность создания интерактивного контента. Методы работы с онлайн-платформой «Playbuzz».

«Playbuzz» – это уникальная онлайн-платформа, которая позволяет блоггерам и журналистам онлайн медии создавать различный контент с высоким вириальным потенциалом интерактивные тесты, опросы, слайд-шоу, статьи-списки с анимированными картинками.

Как работать с «Playbuzz» и какой контент можно создать с помощью этой платформы? На нашем бесплатном вебинаре вы сможете получить ответ на этот и другие вопросы.

Вебинар проводит журналист, главный редактор информационных программ ОРТРК «Ынтымак» Акылбек Орозматов.

Yntymak.kg активно работает различными онлайн-сервисами, в том числе с «Playbuzz». Мультимедийные материалы созданные «Ынтымаком» выходят на онлайн-ресурсе «Open Asia» и других сайтах.

Редакция
Редакция
Редакционный аккаунт сайта "Новый репортер".

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Последние публикации