Бесплатный вебинар на кыргызском языке «Проверка подлинности информации из онлайн-источников»

0
15

29-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 “Интернет сайттардагы жана коомдук тармактардагы маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү” деген темада вебинар өтөт.

Азыркы учурда интернет сайттар жана коомдук тармактар маалымат алуунун негизги булагына айланды. Маалыматтын көптүгүнөн чын-бышыгын дароо билүү оңойго турбайт. Күн сайын интернеттен айрыкча коомдук тармактардан чындыкка коошпогон маалыматты көрүүгө болот. Жалган, тастыкталбаган маалыматтын айынан коомчулукта түшүнбөстүктөр жаралууда. Анын ичинде журналисттер да фейк акаунттарга шилтеме жасап, аларга ишенип жалган маалымат тараткан учурлар да жок эмес.

Вебинарды “Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев өткөрөт. Ал “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн атайын иликтөөлөрдү жасап келет. Автор Нью-Йоркто өткөн Webby Awards башкача айтканда Интернет-Оскар сыйлыгын жеңген.

Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.

Акысыз вебинарга каттоону бул жерден өтүңүз.

__________________________________________________________________________________

29-сентября в 17:00 по времени Бишкека и Астаны, и в 16:00 по времени Душанбе пройдет вебинар на тему “Проверка подлинности информации с веб-сайтов и социальных сетей».

В данное время интернет сайты и социальные сети превратились в главные источники информации. Из-за большого потока информации не сразу можно понять, где правда, а где нет. Каждый день в социальных сетях можно увидеть ложную информацию. Помимо этого некоторые журналисты сами распространяют информацию, ссылаясь на фейковые аккаунты.

Вебинар проведет Уланбек Эгизбаев, журналист “Азаттык” в Бишкеке. Он проводит специальные расследования для телепрограммы “Неудобные вопросы”. Уланбек Эгизбаев является автором и победителем интернет-Оскара Webby Awards, который проходит в Нью-Йорке.

Для участия в вебинаре пройдите по ссылке.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь