Запись вебинара на кыргызском языке «Проверка подлинности информации из онлайн-источников»

0
28

Азыркы учурда интернет сайттар жана коомдук тармактар маалымат алуунун негизги булагына айланды. Маалыматтын көптүгүнөн чын-бышыгын дароо билүү оңойго турбайт. Күн сайын интернеттен айрыкча коомдук тармактардан чындыкка коошпогон маалыматты көрүүгө болот. Жалган, тастыкталбаган маалыматтын айынан коомчулукта түшүнбөстүктөр жаралууда.

Анын ичинде журналисттер да фейк акаунттарга шилтеме жасап, аларга ишенип жалган маалымат тараткан учурлар да жок эмес.
Вебинарды “Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев өткөрөт. Ал “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн атайын иликтөөлөрдү жасап келет. Автор Нью-Йоркто өткөн Webby Awards башкача айтканда Интернет-Оскар сыйлыгын жеңген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь