Вебинар на кыргызском языке: «Как создать лонгрид?»

0
16

25-январда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө «Лонгрид кантип жасалат?» деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт.

Мындан он жылдагыга салыштырмалуу бүгүнкү күндө убактыбыздын бир бөлүгүн санариптешкен дүйнөлүк желеде өткөрө баштадык. Мурда гезит-журналдарды окуш үчүн үйдөн чыгып, анан барып сатып алып окусак, азыр үйдөн чыкпай туруп эле колубуздагы түзмөктөрдөн интернетке кирип барактап калдык.

Ушул жана башка жагдайлар лонгриддин келип чыгышына түрткү болду окшойт.Азыркы «санарип» дүйнөдөгү «санарип» окурмандардын кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн журналисттер ар кандай форматтарды ойлоп таап, маалымат жеткирүүнүн өзгөчө ыкмаларын колдонуп жатышат.Ошол форматтардын бири — бул лонгрид деп атасак болот.

Вебинар:

  • Лонгрид деген эмне?
  • Ал эмне үчүн керек?
  • Ал кантип жасалат? Пландоо жана даярдоо
  • Лонгрид эмнеден турат?
  • Видео, сүрөт, же текст? деген башкы үч суроо боюнча өтмөкчү.

Вебинарды Kloop.kgнин журналисти Элмурат Аширалиев алып барат. Ал журналистика жана медиадагы мобилдик технологиялар багытында тренингдерди өткөрүү тажрыйбасына ээ. Kloop.kg өзүнүн журналистика мектеби жана анда билим алган жаш журналисттери тарабынан даярдалган бейтарап жана талкуу жараткан макалалары менен белгилүү.

Акысыз вебинарга бул жерден катталыңыз.

Көңүл буруңуз! Вебинарга ийгиликтүү катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткарышыңыз керек:

  • Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы версияларын орнотуп, браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болушгонун текшеришиңиз керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган;
  • Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болушу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mb жогору болушу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды көрүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Интернетиңиздин ылдамдыгын бул жерден текшерип көрсөңүз болот;
  • Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз системалык администраторго кайрылышыңыз керек;
  • Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте «Вебинарга кирүү» деген жерди басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтургандан кийин колдонуу келишимине макулдугуңузду коюңуз;
  • Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу катышып жатсаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен кирүү сунушталат.

__

Вебинар на кыргызском языке: «Как создать лонгрид?»

25 января в 17:00 по времени пройдет вебинар на кыргызском языке на тему «Как создать лонгрид?».

На вебинаре будут обсуждаться следующие вопросы:

  • Что такое лонгрид?
  • Для чего он нужен?
  • Как его делать – планирование и подготовка контента?
  • Из чего состоит лонргид — видео, картинки, текст

Вебинар проводит редактор кыргызской службы Kloop.kg Элмурат Аширалиев, опытный медиатренер.

Для участия в бесплатном вебинаре пройдите по ссылке.

Внимание! Для успешного участия в вебинаре вам необходимо:

  • Установить последнюю версию браузеров Google Chrome, FireFox, Safari или Opera. В браузере должна стоять последняя версия Adobe Flash Player. В Google Chrome — Flash Player встроен по умолчанию.
  • Проверьте, достаточная ли скорость Вашего интернет соединения. Минимальная скорость подключения к вебинару 1Mb. Рекомендуемая скорость для комфортной работы от 2Mb (при недостаточной скорости возможны задержки звука и видео при показе ведущим видеороликов, презентаций с большим количеством графики, показе рабочего стола и работе с другими режимами, требующими качественного канала). Проверить скорость вашего интернета можно на этой странице.
  • Если вы выходите в интернет из корпоративной сети, тогда вам необходимо обратиться к вашему системному администратору, чтобы он открыл порт 1935, 80, 443.
  • Чтобы попасть на вебинар, на посадочной странице нажмите кнопку «Войти в вебинар», заполните данные о себе, и поставьте согласие напротив пользовательского соглашения.
  • Если вы выходите в вебинар на планшете, то рекомендуем выходить из браузера Google Chrome или Puffin Browse

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь