Бесплатный вебинар на кыргызском языке «Этапы расследования: кабинетный и полевой»

0
44

24-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө “Журналисттик иликтөөнүн этаптары: Иш-бөлмөдөн чыкпаган жана талаалык” аталышта вебинар өткөрүлөт.

Иликтөө темасын аныктап, гипотезаны өзүңүзгө туура аныктап алгандан кийин журналисттик иликтөөгө кирише баштайсыз.

Бул жерде маанилүүсү ишти туура бөлүштүрүп, алгач эмнеден баштайсыз анан бара-бара кандай иштерге өтөсүз?

Аныктап алганыңыз дурус. Бул убакытты үнөмдөгөнгө жардам берет. Кантип план тузүш керек? Кабинеттен чыкпай кандай иштерди бүтүрсө болот?

Талаа этабында маалымат булагы болгон адамдардан интервью алып, изилдеп жаткан объектке барып байкоо салса болот. Маалымат булагы катары адамдарды кандай категорияларга бөлсө болот? Документтер менен иш алып барууда эмнелерге көңүл буруу керек? Маалыматты кандай ирээт менен чогултуу керек? Кандай ыкмалар бар?

Вебинарда атайын иш-пландар түзүү шаблону жана кантип маалыматтык сурам жазуу керек кеңештер берилет.

Вебинарды IWPRдын Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку башкы редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.

Акысыз вебинарга бул жерден катталыңыз.

Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
___________________________________________________________________

Бесплатный вебинар на кыргызском языке «Этапы расследования: кабинетный и полевой»

24 марта в 17.00 в Бишкеке пройдет вебинар на тему «Этапы журналистского расследования: кабинетный и полевой».

Вы уже определились с темой расследования, научились грамотно сформулировать гипотезу. Теперь вы можете приступить непосредственно к расследованию. Здесь самое важное — вам нужно правильно оценивать ваши ресурсы и потенциальные риски при проведении журналистских расследований.

Условно журналистское расследование делят на два этапа: кабинетный и полевой. На первом этапе вы можете заняться предварительным поиском информации, анализировать документы в открытых источниках. Какие методы сбора информации существуют? Какие плюсы и минусы у документов и людей как источников информации? И в чем их различие? Четкий план работы существенно облегчает вам расследование и экономит ваше время, отведенное на расследование.

На вебинаре будут практические советы по составлению поэтапного плана работы и информационного запроса.

Вебинар проведет фрилансер IWPR Кыргызстан, бывший экс-главный редактор телеканала ON1, экс-корреспондент “Азаттык Медиа”, медиатренер Элеонора Сагындык кызы. Обучение будет проведено на основе материалов украинского журналиста-расследователя Олега Хоменка.

Для регистрации на бесплатный вебинар пройдите по ссылке.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь