Бесплатный вебинар на кыргызском языке «Интервью в расследовании. Особенности генерального интервью»

0
32

29-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 “Иликтөөдөгү интервью. Генералдык интервьюнун өзгөчөлүктөрү” аталышында вебинар өткөрүлөт.

Кадимки журналисттик тажрыйбада колдонуп жүргөн маалыматтык жана эксперттик интервьюну бардыгыбыз эле билебиз. Бирок журналисттик иликтөөдө маалыматтык булак катары адамдар менен иштешүүдө интервьюнун ушул түрлөрү менен гана чектелүү жетишсиз. Интервью-конфронтация деген эмне? Ал эми генералдык интервью дегенчи?

Маанилүү темада интервьюга кантип даярдануу керек? Интервью маалында пайда болушу мүмкүн проблемалардан чыгуунун кандай ыкмалары бар? Интервьюга чейинки жана андан кийинки кандай техникалар бар?

Суроо берүүдөн жаңылбайм десеңиз аны түзүүдө кандай максатты көздөп жатасыз, аныктап алышыңыз дурус. Ачык же жабык суроо деген эмне? Эгер интервью маалында маектешиңиз менен мамилеңиз курчуп кетсе абалдан кантип чыгуу керек? Ушул жана башка суроолорго кенен, ар тараптуу жоопту вебинар маалында ала аласыз.

Вебинарды IWPRдин Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку баш редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы  украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.

Акысыз вебинарга бул жерден катталыңыз.

 Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  1. Chrome,FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
    Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
    3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
    4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
    5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
    ___________________________________________________________________

Бесплатный вебинар на кыргызском языке «Интервью в расследовании. Особенности генерального интервью».

29 марта в 17:00 по времени Бишкека пройдет вебинар на тему «Интервью в расследовании. Особенности генерального интервью».

В повседневной журналистике мы зачастую ограничиваемся двумя видами интервью: информационым и экспертным. Но в расследовательской журналистике мы так или иначе сталкиваемся еще с другими ее видами: это — интервью-конфронтация и генеральное интервью. В чем их отличие от предыдущих?

Вопросы к интервью зависят от цели журналиста и собеседника. Что нужно учитывать при составлении вопросов? Как избежать напряженной ситуации во время интервью? Почему журналистам не следует задавать вопросы прокурорским тоном? Ответы на эти и другие вопросы вы найдете на нашем вебинаре.

Вебинар проведет фрилансер IWPR Кыргызстан, экс-глав.редактор телеканала  «ОN1», экс-корреспондент  “Азаттык Медиа”, медиатренер Элеонора Сагындык кызы. Во время вебинара будут использоваться материалы украинского журналиста-расследователя Олега Хоменка.

Для регистрации на бесплатный вебинар пройдите по ссылке.

Записи предыдущих вебинаров на тему «Расследование»:

http://newreporter.org/2017/03/15/zapis-vebinara-na-kyrgyzskom-yazyke-zhurnalistskie-rassledovaniya-na-tv-i-onlajn/

http://newreporter.org/2017/03/27/zapis-vebinara-na-kyrgyzskom-yazyke-etapy-rassledovaniya-kabinetnyj-i-polevoj/

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь