Бесплатный вебинар на кыргызском языке «Общинные медиа в Кыргызстане»

0
22

25-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 «Жамааттык ЖМКлар- интернет байланышы начар шарттардагы жаңы маалымат каналы» деген темада вебинар өткөрүлөт.

2007-жылдан баштап Кыргызстанда Жамааттык ЖМКлар өз өнүгүүсүн баштады. Алар Кыргызстандын эң алыскы аймактарындагы маалыматка жетүүнү жакшыртып, жергиликтүү бийликтин иши жана айылда болуп жаткан окуяларды тастыкталган жана обьективдүү түрдө элге таратууну колго алышкан.

Жамааттык ЖМКлар айыл тургундарын түйшөлткөн суроолорду жана көйгөйлөрдү алып чыгып, аймактарда күнүгө болуп жаткан жаңылыктарды жайылтып келет. Бул жаңылыктар таза сууну коргоо, көпүрөлөрдү жана жолдорду оңдоо, электрондук китепканаларды ачуу, чыгармачыл топтор тууралуу, чет тилдерин окутуу курстарын ачуу жөнүндө болушу мүмкүн. Жамааттык ЖМКлар салттуу ЖМКлар үчүн чыгымдуу болушу мүмкүн болгон уникалдуу жаңылыктарды алып чыгат.

Жамааттык ЖМКлар жайгашкан аймактар облустун жана өлкөнүн борборунан алыс жайгашкандыгына карабастан, алардын иши жаңылык даярдагандан аны алып чыкканга чейин заманбап маалымат технологиялары менен байланыштуу.

Жамааттык ЖМКлардын бардыгы «Бир келбет- көптөгөн байланыш каналдары» принциби менен иштешет. Алар колдонгон студиялык жабдыктар жана мобилдик тиркемелер- начар интернет байланышы үчүн жеткиликтүү жана жөнөкөй.

Вебинарды “Суусамыр FM” жамааттык радиосунун директору, Кыргызстандагы жамааттык ЖМКларды өнүктүрүү боюнча медиатренер Айзада Калканбекова алып барат. “Суусамыр FM” жамааттык радиосу 5 жылдан ашык убакыттан бери алыскы Суусамыр өрөөнүндө жалгыз ЖМК катары ийгиликтүү иш алып барып келет.

Акысыз вебинарга катталуу үчүн бул шилтемеге басыныз.

Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
___________________________________________________________________

25-апреля в 17.00 по времени Бишкека пройдет вебинар на тему «Общинные медиа – новые информационные каналы в условиях слабого Интернета».

С 2007 года в Кыргызстане получили свое развитие общинные медиа. Они улучшают доступ к информации у населения населения самых отдаленных сел Кыргызстана, там, где у людей отсутствуют информационные каналы и площадки, позволяющие получать достоверные и объективные новости о том, что происходит в их селе, как работает местная власть.

Общинные медиа делают публикации о том, что происходит в их селе каждый день, поднимают вопросы и проблемы, которые волнуют жителей их села. Это — материалы об ограждении источников питьевой воды, предотвращающих загрязнение, о строительстве мостов, дорог, создании электронных библиотек, творческих коллективах, открытии курсов иностранных языков. Они создают контент, который является уникальным и создание которого является затратным для потоковых СМИ областного и республиканского уровня.

Несмотря на удаленность от областных центров и столицы, вся работа общинных медиа связана с современными ИКТ и мобильными технологиями, начиная от подготовки материала до его публикации.

Все они работают по принципу: «Один интерфейс – множество каналов коммуникации». Студийное оборудование и программное обеспечение мобильных телефонов, которыми пользуются общинные медиа для создания и распространения своего контента – максимально простое для сельских сообществ в условиях слабого Интернета. Благодаря этому жители отдаленных сел Кыргызстана могут рассказать о своих проблемах, выразить свое мнение и предложить решение.

Вебинар ведет директор общинного радио “Суусамыр FM”, медиатренер по развитию общинных СМИ в Кыргызстане Айзада Калканбекова. ОР “Суусамыр FM” более 5 лет успешно работает как единственное СМИ в отдаленной Суусамырской долине Кыргызстана.

Для регистрации на бесплатный вебинар пройдите по ссылке.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь