Бесплатный вебинар на кыргызском языке “Тайм-линия: онлайн-сервисы для создания интерактивных историй”

0
20

23-августта Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00, ал эми Душанбе убактысы боюнча саат 16:00дө «Убакыт сызыгы: онлайн-тейлөөлөрдүн жардамы менен интерактивдүү материалдарды даярдоо” деген темада вебинар өткөрүлөт.

“Убакыт сызыгы” (TimeLine) – кандайдыр бир окуяларды хронологиялык тартипте мультимедиялык материал катары даярдоодо колдонулат. Ал жөнөкөй текстти кызыктуу кылып окурмандарга жеткирүүсү бир топ ыңгайлуу. Анда фото, видео, карталарды эле эмес, кандайдыр бир материалдардын шилтемелерин да колдонууга болот. Интерактивдик контент түзүүгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу жана жөнөкөй тейлөө. Мындай материалдарды даярдоо эмне үчүн керек?

Учурда күнүмдүк жаңылыктарды сунуштаган маалымат каражаттары абдан көп. Анын үстүнө андай маалымат менен окурманды тартуу бир топ кыйын. “Убакыт сызыгы” менен окурмандарды кызыктырууга болот. Кантип?

«Убакыт сызыгы» тейлөөсүн кантип колдонобуз? Бул платформада кандай багыттагы материалдарды даярдаса болот?  Биз, акысыз вебинарда, ушул жана башка суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.

Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун алдында түзүлгөн  “Медиа мектептин” директору, журналист Асанбек Каракозуев өтөт. Ал Алматыда өткөн онлайн-сервистерди колдонуу боюнча тренингдин катышуучусу.

Yntymak.kg – “Убакыт сызыгы” (TimeLine), «Playbuzz», Storify, Инфографика сыяктуу жана башка сервистерди активдүү колдонгон Кыргызстандагы бирден-бир сайт. Бул платформада “Ынтымак” Media Group даярдаган материалдар “Open Asia” жана башка басылмаларга да чыгып турат.

Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
___

23 августа в 17:00 (Бишкек, Астана) пройдет вебинар на кыргызском языке на тему: “Тайм-линия: онлайн-сервисы для создания интерактивных историй”

TimeLine используется при создании мультимедийного материала о произошедших событиях в хронологическом порядке. TimeLine помогает сделать простой текст интересным для читателя. При его создании используются не только фото, видео, карты, но и ссылки. Это — уникальный и простой сервис для создания интерактивного контента.

В настоящее время много информационных агентств, которые передают ежедневные новости. Но стандартными форматами уже не заинтересовать аудиторию. TimeLine помогает разнообразить контент и привлечь читателей.

  • Как использовать TimeLine?
  • Какого вида материалы можно создавать на этой платформе?

Во время бесплатного вебинара мы ответим на эти и другие вопросы.

Вебинар проводит директор «Медиа школы», созданной на базе «Ынтымак» Media Group, журналист Асанбек Каракозуев.

Для регистрации на бесплаатный вебинар пройдите по ссылке.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь