Бесплатный вебинар на кыргызском языке «Журналистские расследования на ТВ и онлайн»

0
23

14-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө “Журналисттик иликтөө: жанрдын өзгөчөлүгү, ТВ жана онлайн ММКларындагы иликтөөнүн айырмачылыктары. Гипотеза деген эмне?» темасында вебинар өткөрүлөт.

Журналисттик иликтөө — Кыргызстанда жаңыдан телчигип келе жаткан жанрлардын бири. Ошентсе да бүгүнкү медиа рынокто бул жанрдагы журналисттик эмгектерге талап күч. Бир сүйлөм менен аныктай турган болсок иликтөө – бул журналисттин маанилүү темада өз алдынча жазган оригиналдуу эмгеги жана эреже катары ал материалдын ачыкка чыгышы кайсы бир уюм же адамдардын кызыкчылыгына туура келбейт. Бул аныктама “Ньюс дэй” гезитинин мурунку редакторунун орун басары Роберт Гринге таандык жана ал таамай берилген.

Иликтөө жүргузүүдө журналисттер негизги деп эсептелген беш (ким?, эмне?, качан?, кайда?, эмнеге?) суроолорунан тышкары өзүнө кошумча суроолорго жооп издөөгө мажбур. Ал кайсы суроолор?

Иликтөөну эмнеден башташ керек? Темаларды кайдан алса болот? Иликтөөдөгү алдын ала божомол – гипотеза деген эмне? Аны кантип башында эле туура аныктап алуу керек? Сапаттуу журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн алдын ала ушул суроолорго жооп таап алуу ишти алда канча жеңилдетет.

Вебинарды IWPRдын Кыргызстандагы кеңсесинин фрилансери, ON1 каналынын мурунку баш редактору, “Азаттык Медиа” ишканасынын мурунку журналисти, Журналисттик иликтөө боюнча медиатренер Элеонора Сагындык кызы украиналык тренер Олег Хоменоктун шакирти катары, анын материалдарынын негизинде алып барат.

Акысыз вебинарга бул жерден катталыңыз.

Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
    Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
    3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
    4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
    5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
    ___________________________________________________________________

 

14 марта в 17.00 по времени Бишкека пройдет вебинар на тему «Журналистские расследования на ТВ и онлайн: особенности жанра, что такое «гипотеза».

В Кыргызстане журналистское расследование как жанр явление относительно новое. СМИ и журналистов, специализирующихся на проведении журналистских расследований, не так много. Тем не менее спрос на расследовательские материалы есть, и он продолжает расти.

По определению Роберта Грина, экс-заместителя редактора-распорядителя газеты «Ньюс дэй», «Расследование – это журналистский материал, основанный, как правило, на собственной работе и инициативе, на важную тему, которую отдельные лица или организации хотели бы оставить в тайне». И это наиболее четко определяет суть жанра.

При проведении расследования журналист отвечает не только на вопросы: кто, что, где, когда и почему.

Какие важные вопросы еще должен себе задать журналист-расследователь?

С чего нужно начинать расследование, откуда брать темы?

Что такое «гипотеза» и как ее правильно сформулировать, чтобы в итоге материал получился качественным и завершенным?

На эти и другие вопросы мы постараемся ответить на нашем вебинаре.

Вебинар проведет фрилансер IWPR Кыргызстан, экс-главный редактор телеканала  ON1, экс-корреспондент “Азаттык Медиа”, медиатренер Элеонора Сагындык кызы. В ходе обучения будут использованы материалы украинского журналиста-расследователя Олега Хоменка.

Для регистрации на бесплатный вебинар пройдите по ссылке.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь